Ага ылайык, курулуштун капсула салуу аземине калаа башчысы Айбек Жунушалиев жана конуштун тургундары катышты.
"Мектеп Ак-Ордо конушундагы Тагай-Бий жана Садыр-Аке көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Мектеп 750 балага, 23 окуу классына ылайыкташтырылган.
Жаңы курула баштаган мектеп үч блоктон: окуу корпусу, спорт залы жана актовый залдан туруп, үч кабаттуу имарат болот.
Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 280 орунга ылайыкташкан. Курулган имаратта оюн бөлмөсү, уктоочу бөлмө, ашкана, даараткана, медициналык кабинет, музыка жана гимнастика залы болот", - деп жазылат маалыматта.