Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында 18 жаштагы Азим Садырбеков дайынсыз болуп изделүүдө. Бул туурасында Коомдук коопсуздук кеңештен кабарлашып, жигитти табууга көмөк сурайт.
Аталган кызматтын маалыматына ылайык, Азим Садырбеков 12-августта Соң-Көл районундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес.
Изделип жаткан жарандын ошол күнү кийип жүргөн кийимдери: боз түстөгү футболка, боз түстөгү жынсы шым, кара түстөгү кроссовка.
Белгилери: бою 173-75 сантиметр, салмагы 60-65 килограмм, арык чырай.
Азим Садырбековду көргөн, билгендер болсо же анын жүргөн жери тууралуу маалымат билгендер болсо төмөнкү номерлерге байланышып коюуну өтүнөт.
Байланыш номерлери: 0555 23 04 90, 0755 07 47 20.