Жер карабай желкени түздөгүлө,
Биримдиктин билегин күчтөгүлө.
Тагдырыңды өзүңдүн колуңа алып,
Тыштан келген жардамды күтпөгүлө.
Турпагыңа белгиңди чийип, кыргыз,
Тууңду көтөр ар дайым бийик, кыргыз.
Түркөйлөргө чөгөлөп тизе бүкпөй,
Түндүгүңдүн алдына бирик, кыргыз!
Жогорудагы 8 сап ырды балбан Акжол Махмудов Олимпиададан келген соң "Ала-Тоо" аянтында элдин алдында айтты. Ыр элди толкутту, жашытты, дем берди, уу-дуу болуп талкуудан түшө элек. Ушул ырдын автору - акын Мирлан Самыйкожо менен баарлаштык. Акындыгы, дүйнө таанымы, жашоосу, сүйүүсү тууралуу өзгөчө маек болду. Жылмайткан, сүйүнткөн маек назарыңыздарда.
Маекти толугу менен “Супер-Инфонун” жаңы, №976 санынан окуй аласыз.