Футбол боюнча Ооганстан курама командасынын жаш футболчусу Заки Анвари "Талибан" кыймылынын коркунучунан улам Кабулдагы аэропорттон өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылып жатып каза болду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, жаш футболчу Кабул аэропортунда абага көтөрүлгөн америкалык C-17A аскердик учагына жабышкандардын бири болгон. Анын сөөгүнүн калдыктары шассиден табылган.
Эске салсак, 17-августта "Талибан" кыймылы Ооганстандагы бийликти колуна алгандан кийин Кабулдун миңдеген жашоочулары өлкөдөн чыгып кетүү үчүн аэропортко топтолушкан. Бирок аталган аба майданында бардык коммерциялык каттамдар токтотулганы маалым болгон.
Көп өтпөй интернет тармактарында качкындарды алып кетүү үчүн келген америкалык учактын алдына жүгүрүп, айрымдары ар кайсы бөлүктөрүнө жармашып кетүүгө аракет кылып жаткан адамдардын видеосу тараган. Ошондой эле бийиктикке көтөрүлүп бара жаткан учактан кулап түшүп жаткан жарандардын видеосу да жарыяланган.