Эртең, 20-августта Кыргыз өлкөсүнүн Франциядагы элчиси болуп дайындалган Садык Шер-Нияз Францияга учуп кетет. Бул тууралуу элчиге байланышканыбызда айтты.
Анын айтымына караганда, эртең, 20-августта таңга маал саат 6ларда учак менен Францияга учуп кетет.
Белгилей кетсек, Садык Шер-Нияз Кыргыз өлкөсүнүн Франциядагы элчиси болуп 24-июнда дайындалган. Ошондой эле ал Бириккен улуттар уюмунун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюмундагы (ЮНЕСКО) Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болду. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.