Биз социалдык тармакта

Кыргыз-Тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча делегациясынын тобунун курамында кимдер бар?

Кыргыз-Тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүн делегациясынын жумушчу тобунун курамында кимдер бар? Бул боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун буйругунда жазылган. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.

  • Борубаев Назирбек Нарматович - президенттик администрациянын министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, жумушчу топтун жетекчиси;
  • Мырзаев Абдулат Абдираимович - Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
  • Молдоисаев Жаныбек Турдубекович - президенттик администрациянын министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлчүлүгүнүн эксперти;
  • Рустамов Улан Кошоевич - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүмүнүн башчысы;
  • Сатиев Уланбек Кошбаевич - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын мамлекеттик чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын чек араны кайтаруу башкармалыгынын башчысынын орун басары;
  • Шаныев Илияз Шералиевич - Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атташеси;
  • Абдураимов Бекназар Элмуратович - Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун биринчи орун басары;
  • Толеев Ардак Азизбекович - Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн башчысы;
  • Дубровина Елена Сергеевна - Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн башкы адиси;
  • Эргешов Абдиназар Мамытович - Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түштүк региондук бөлүмүнүн башчысы;
  • Исираев Жусупбек Арыпович - Айыл, токой жана суу чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Баткен филиалынын директору.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bek.94
2021-08-19 12:08:12
Жалаң без толковыйларды киргизипсиңер Айбалаевти киргизсе болмок Баткенге бир басып барбаганы да бар экен
+7
Mister-XXX
2021-08-19 13:16:41
Курамды алмаштыруу керек.Созго чечен,акылман адамдардан коюш керек.
+5
Antiradikal3
2021-08-19 17:25:40
Бийликтин оозун караган жалдырамалар го бут эле......
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан