Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты Айжан Атабекова: “Кара-Балтанын ар бир төртүнчү жашоочусу онкологиялык оору менен ооруйт”

2013-жылдын 29-октябрында Кара-Балтанын шаардык кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өткөн. Жыйында шаардык кеңештин депутаты Айжан Атабекова (“Ак шумкар”) Кара-Балтанын ар бир төртүнчү жашоочусу онкологиялык оору менен ооруй тургандыгын айткан. Бул тууралуу Кара-Балтанын мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 1-ноябрда билдирди.

“Өнөр жайлуу шаар үчүн бул глобалдуу маселе болуп саналат. Зыяндуу заттарды бөлүп чыгара турган кайсы мекеме болбосун, тегерегине бак-дарак тигип жашылдандырып, адамдарга оору аба аркылуу жукпоосунун алдын алуусу зарыл. Бизде Кара-Балта тоо-кен комбинаты сыяктуу ири ишканалар бар. Аталган комбинат шаарга социалдык жардам көрсөтпөй калгандан тышкары, экологиялык коопсуздук менен да алектенбейт”,- деп кошумчалады Атабекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан