Чүй облусунда 26 жаштагы Жеңишбек Касымбеков аттуу тургун дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Панфилов РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, 2020-жылы Панфилов райондук милициясына жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Арызда 1995-жылы туулган Жеңишбек Касымбеков аттуу бөлөсү 14-сентябрь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегенин жазган.

"Анын бою 170-175 сантиметр, көзү күрөң, арык чырай, чачы кара түстө. Психикалык жактан жабыркайт", - деп айтылат маалыматта.
Акыркы маалыматтар боюнча, аны Кара-Балта шаарынан көргөндөр бар.