Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда 43 адам бир үйдө жашап баары тилемчилик кылып жүргөнү аныкталды

Жалал-Абад облусунда "тилемчи" аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Ага ылайык, бүгүн, 19-августта милиция кызматкерлери социалдык адистер менен биргеликте коомдук жайларда тилемчилик кылган жарандардын жашаган жерлерин аныктоо иштери жүргүзүлдү.

"Таң эрте Жалал-Абад шаарынын көчөлөрү текшерилип, тилемчилик менен алектенгендер турак үйдү убактылуу ижарага алышып, жашап келишкендиги белгилүү болду. Алар Жалал-Абад ШИИБине алып келинип, аты-жөндөрү аныкталып, тиешелүү документтери текшерилди. Натыйжада алардын ичинен 24 жаран Өзбекстандын Бухара жана Кашка-Дарыя облустарынан келгендиги аныкталды. Ал эми 19 жаран Ош облусунун Кара-Суу районунан келген лөлү тектүү жарандар экендиги такталды.

Жалпысынан тилемчилик менен алектенген 43 жаран аныкталып, алардын ичинде 70 жашка чыккан карыя, 18 өспүрүм жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 4 жаран болгон. Аларга милиция тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жашаган аймактарына жөнөтүлдү", - деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
munduz2016
2021-08-19 16:54:41
Ошондо шаарда тилемчи калбаптыр да)))
+6
Rifle_I
2021-08-19 19:17:33
Же талаага чыгып иштесин, же депорт болушсун.
+7
Rifle_I
2021-08-19 19:24:07
Өзбекистанга кире турган болсок сөзсүз прописка болуш керек бир адреске. Булар дагы регистрациясы жок болсо тез арада кире албай турган кылып депорт кылыш керек.
Лөлүлөрдү дагы бир жолун таап иштетиш керек. Алар мамлекеттин паразиттери.
+9
aikaademi
2021-08-20 09:11:04
Кана туалетный бумага чыгара албаган мамлекет мамлекетпи деген адам. Кайсы кыргыз өзбекстанга барып тилемчилик кылып жатат. Аллахыма миң шүгүр
+4
Eldar6724
2021-08-20 13:10:41
aikaademi, сөз деп эле сүйлөйбермей адатыбыз бар, Москва турса өзбекстанга барайлыбы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан