Кыргыз өлкөсүнө Беларустун премьер-министри Роман Головченко келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Роман Головченко Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн келген.
Белгилей кетсек, 19-20-августта Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Кеңешменин жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралмакчы.