Биз социалдык тармакта

Бишкекте Лев Толстой көчөсү менен жаңы автобустар каттай баштады

Шаардык транспорт башкармалыгы Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасы жайгашкан Лев Толстой көчөсү менен №2 автобус каттамын ишке киргизүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жугуштуу ооруканада коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптарга туугандары үчүн жетүү кыйын болгондуктан шаардык транспорт башкармалыгы №2 автобустун каттамын иштеп чыккан. Автобус "Чыгыш автобекети - жугуштуу оорулар ооруканасы" маршруту боюнча айланма каттайт.

"Урматтуу жарандар, коомдук транспортто баратканда бет кап тагынууну, антисептикти колдонууну жана иммундук системаңызды чыңдоону, эмдөөдөн өтүүнү унутпаңыз. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jazmina909090
2021-08-20 09:24:03
Жакшы кылат давно надо было а то иные больницага прямой маршрут жок болчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан