Бишкектеги Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин ректорун шайлоо болуп өттү. Бул тууралуу университеттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бош ректорлук орунга 7 талапкер арыз берген.
"Ачык түрдө өткөрүлгөн шайлоо өнөктүгүндө университеттин эмгек жамаатынын мүчөлөрү 60 пайыз добуш менен жаңы мөөнөткө профессор Акымбек Абдыкалыковду ректорлукка шайлашты", - деп айтылат маалыматта.