Биз социалдык тармакта

Нарында 39 жаштагы жаранды издөө иштери убактылуу токтотулду. Ал үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда

Нарын облусунун Учкун айылында 30-июлдан бери дайынсыз болуп жаткан жаранды издөө иштерине куткаруучулар тартылды. Алар дайыны жок болуп жаткан жаранды туугандарынын суранычы менен 16-августта Нарын дарыясынан издөө иштерин баштаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, бүгүн, 19-августта дайыны билинбей жаткан 39 жаштагы жарандын туугандарынын макулдугунун негизинде издөө иштери убактылуу токтотулду.

Эске салсак, 1982-жылы туулган А.Э. аттуу эркек киши үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Дайынсыз болгон жарандын жакын туугандары куткаруучуларга кайрылып, Нарын дарыясынан издеп берүүнү суранышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан