Биз социалдык тармакта

Акжол Махмудовдун аукционго койгон трикосуна канча сумма сунуштап жатышат?

19-августта "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында күрөш боюнча күмүш медалды жеңген Акжол Махмудов Олимпиада оюндарына кийип чыккан трикосун аукционго койгондугун социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.

Бул маалымат социалдык тармактарга тарагандан кийин кызуу талкуу жүрүп, түрдүү пикирлер айтылууда. Окурмандардын көпчүлүгү баштапкы баа 50 доллар деген маалыматты 50 миң доллар деп түшүнүп, "сен мындай жогорку баага сатууга татыктуу эмессиң" деп сындашса, бир бөлүгү "50 доллар өтө аз сумма, Лионель Месси көз жашы тамган бет аарчысын аукционго 1 миллион долларга коюп жаткан учурда, сен жок дегенде 500 долларга коюшуң керек эле" деген пикирлерин калтырышкан.

Социалдык тармактарда балбандын трикосун сатып алууну каалагандардын басымдуу бөлүгү 200, 500, айрымдары 1000 доллар сунуштап жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bond02
2021-08-20 13:36:43
Бул бала да озунун баасын бир сынап коройун деген го.
-16
Zumrudianka
2021-08-20 21:50:27
bond02, сен озу оозундан, мээнден жакшы соз чыгабы. Ичин толло бок адам окшойсун
+3
bond02
2021-08-20 21:59:00
Zumrudianka,кет ары.
-4
ulanbek2000
2021-08-21 00:45:22
bond02, караңгы адамга окшоттум сени
+2
Zumrudianka
2021-08-20 21:51:45
500, 1000 доллардан ашык суммадан баштаса да арзыгыдай.
+3
Aimani
2021-08-20 23:12:15
Бул сумманы кайрымдуулукка жумшайт элем дегенин да жазып койсонор болмок
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан