31-октябрда КРнын Тышкы иштер министринин орун басары А.Бешимов менен Өзбекстандын Кыргызстандагы толук жана ыйгарымдуу элчиси К.Рашидовдун жолугушуусу болду. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Жолугушуунун жүрүшүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон өлкөлөрдүн башчыларынын жыйынын өткөрүүгө даярдык көрүү жана өткөрүү маселеси талкууланды. Эскерте кетсек, аталган иш-чара 2013-жылдын 28-29-ноябрында Ташкентте өтөт.