Бишкек шаарынын тургундары эми салыкты Калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) төлөй алышат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, жарандардын ыңгайлуулугу жана аймактык салык башкармалыктарындагы, банктардагы жана почта түйүндөрүндөгү кезек күтүүлөрдү жеңилдетүү үчүн борбордогу Калкты тейлөө борборлорунда салык төлөө мүмкүнчүлүгү уюштурулду.
Жарандар салыктарды төмөнкү Калкты тейлөө борборлорунда төлөй алышат:
"Урматтуу жарандар, транспорт салыгын 1-сентябрга чейин, 2-сентябрга чейин - жер салыгын жана батирлерге, үйлөргө салыкты төлөөгө жетишиңиз", - деп билдиришти муниципалитеттен.