Биз социалдык тармакта

"Коопсуздугу сакталат". Өзбекстандан 150 Ооган жараны мекенине кайтарылды

Өзбек бийлиги талибдерден коопсуздук кыймылынын кепилдиктерин алган соң 150 качкынды Ооганстанга кайтарып беришти. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине таянуу менен жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, качкындар "өз ыктыяры менен" мекенине кайтарылган.

"Бул категориядагы адамдарга карата ар кандай зомбулуктун, куугунтуктун алдын алуу үчүн "Талибандын" жетекчилиги менен жетишилген макулдашуулардын натыйжасында 150 Ооган жараны өз каалоосу менен мекенине кайтарылды.

"Алардын баарына үйлөрүнө кетүүгө уруксат берилген жана азыр алар үй-бүлөлөрү менен толук коопсуздукта", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, "Талибан" кыймылы бийликке келген соң миңдеген оогандыктар өлкөдөн чыгып кетүү үчүн Кабул аэропортуна агылып, бир топ баш аламандыктар менен коштолгон.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы - Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
gulya583
2021-08-21 18:17:13
Азаматтар, туптуура. Биздин ммтингге чыккан оогандарды да депорт кылгылачы, сураныч, тез арада
+11
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан