Эртең, 23-августта Токио шаарындагы (Япония) XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын байге ээлери жана катышуучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи өтөт. Бул тууралуу президенттик администрациясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышат.
Эске салсак, "Токио-2020" XXXII жайкы Олимпиада оюндары 23-июлда башталып, 206 өлкөнүн 11 миңден ашуун спортчусу катышты. Олимпиада оюндарына Кыргыз өлкөсүнүн атынан 16 спортчу катышып, 3 спортчубуз байгелүү орундарга жетишкен. Тагыраагы эркин күрөш боюнча Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль, ал эми Мээрим Жуманазарова коло медалды багындырган. Ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча балбаныбыз Акжол Махмудов дагы күмүш байгени камсыздаган.