Асылбек Жээнбеков: "Кылмыштуулук менен күрөшүүдө милиция кызматкерлери ар дайым алдынкы катарда"

Бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков кыргыз милициясын кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери! Жогорку Кеңештин депутаттарынын атынан сиздерди Кыргыз милициясынын күнү менен куттуктайм. Кылмыштуулук менен күрөшүүдө милиция кызматкерлери ар дайым алдынкы катарда.  

Мыйзамдуулукту, коомдук тартипти жана Кыргызстан калкынын коопсуздугун коргоо жоопкерчилиги сиздерге жүктөлгөн. Мекен алдында ички иштер органдарынын катарында кызмат кылууга өз өмүрүн арнагандар – булар биздин жарандардын коопсуздугун түздөн-түз камсыздаган жана кыргызстандыктардын кызыкчылыктары менен укуктарын коргоого даяр турган адамдар.

Сиздерге чын дилимден бекем ден соолук, ийгиликтерди жана бакубат жашоо каалайм!”

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан