Биз социалдык тармакта

Эл аралык валюта фонду экономиканы калыбына келтирүү үчүн 650 миллиард доллар бөлөт

Эл аралык валюта фонду коронавирус пандемиясына байланыштуу дүйнөлүк экономиканы калыбына келтирүү үчүн 650 миллиард доллар бөлөт. Бул тууралуу уюмдун сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, бөлүнгөн каражат мүчө-өлкөлөргө фонддо болгон квоталарына жараша которулат.

"Бул фонддун тарыхында эң ири суммадагы каражаттарды бөлүштүрүү. Бөлүнгөн акча экономикасы кризиске учураган мамлекеттерге пайда алып келет жана дүйнөлүк экономика үчүн стимул болуп эсептелет. Ошондой эле ишенимди бекемдеп, глобалдык экономиканын туруктуулугуна салым кошот", - деген фонддун директору Кристалина Георгиева.

Белгилей кетсек, бул сумманын 275 миллиард доллары өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жумшалат. Анын ичинде Кыргыз жергеси да бар, бирок канча каражат алары белгисиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurgazy.kanykei.abuw
2021-08-23 11:19:02
биздикилер алып алып болушуп алышат
+2
Dembele84
2021-08-23 11:32:08
Алышы алып,анан кайда кеткенин корбой калбасак болду.Кичине ыйман берип,эл учун иштеткиле жегичтер!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан