Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын отуруму болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тараптардын жетишилген макулдашуулары боюнча, 16-22-августта Баткен облусунун Исфана шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында тийиштүү протоколдорго кол коюлду.