Биз социалдык тармакта

"Динара Кутманованын көрсөтмөсү боюнча камакта отурам". Темир Сариевдин билдирүүсү жарыяланды

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Динара Кутманованын көрсөтмөсүнүн негизинде камакта отурганын жазып чыкты.

"Мен жетектеген мамлекеттик комиссияга Динара Кутманова да жергиликтүү эксперт катары жумушчу тобуна тартылган. Мыйзам боюнча, мамлекеттик депутаттык комиссиясынын сотко берүүгө укугу жок. Андай укук мамлекеттин агенттигине, инспекцияларга берилген. Ошондуктан мамлекеттик комиссия отчёттун 43-бет 11 пунктунда, бардык "Центеррага" берилген доо-арыздарды колдойт деп корутундуга жазганбыз. Ошону бардык комиссиянын мүчөлөрү жактырып кол коюшкан. Кимдин өзгөчө пикири болсо, алар тиркемеге кирген. Отчётто бар. Динара Кутманова жөн жерден калп айтып коомчулукту алдап, адаштырып жатат. Акыркы убакыттагы "Кумтөр" боюнча козголгон кылмыш иштери мурунку жетекчилердин күнөөлөрүн моюнга алганы, ошол мен жетектеген комиссиянын иликтөөсүнүн кортундусунун негизинде бардыгын ачык айтып, фамилиялардын жазылганынын негизинде болуп жатат. Анткени ошол биз жазган отчёт бардыгын сапаттуу текшерип, конкреттүү фактылар менен жазылып берилген.
Мен 2000-жылдан бери Жогорку Кенештин депутаты болуп "Кумтөр" боюнча өзүмдүн ачык-айкын, түз позициям болгонун коомчулук билет. Сүйлөгөн сөздөрүм Жогорку Кеңештин стенограммасында жазылган. Видеосу социалдык тармактарда таралып жүрөт. "Кумтөр" долбоору - Кыргыз мамлекети үчүн, кыргыз эли үчүн кылымдын чоң аферасы" деп Жогорку Кеңештин трибунасынан айткан сөзүм да бар.
Мына ушул маселелерди эч коркпой, тайманбай, жоопкерчиликти сезип, мамлекеттин кызыкчылыгын сактап, бардык фамилияларды жазып коомчулукка жеткирген адам, азыр жалган жалаанын негизинде мыйзамсыз камалып отурат", - деп жазылат анын кайрылуусунда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jelezo
2021-08-23 15:40:08
Өч алмай заман болду качан экономиканы өнүктүрүү менен алектенебиз
-1
BakytbekAbdubakhapov
2021-08-23 20:54:34
Балыкчы Корумду жолунда жеп койгон акчаларынды неге айтпайсын брат???
0
Mister-XXX
2021-08-23 20:59:22
Жогорку Кеңеште башка сүйлөп,кылган ишиңер башка болуп жатпайбы?Эмнеге Жапаровго Кумтөр үчүн күйүп жатканда колдогон жоксунар?Жалгыз Жапаров чырылдап жатты го.Эгерде Кумтордун акциясы болсо,демек силер Кумтор учун иштеген болосунар.Аны териштируу оной эле.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан