Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасындагы кагылышууда 12 жашында каза болгон Мадина Рахматжановага арналган обондуу ыр жазылды. Чыгарманын автору ырчы Нияз Абдыразаков.
"Карындашыбыз Мадинага арнап "Кечиргин, Мадина" аттуу жаңы чыгармамды жакынкы күндөрү сиздер менен бөлүшөм. Аталган чыгарма маркум карындашыбыз Мадинанын жаркын элесине арналат. Өлкөбүздө мылтыктын үнү угулбасын, элибиз аман, журтубуз тынч болсун!", - дейт ал.
Белгилей кетсек, 28-29-апрелде Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасындагы кагылышууда 12 жаштагы Мадина Рахматжанова каза болгон. Апасы экөөнө ок тийип, Мадина ооруканага жетпей каза болгону кабарланган. Ал эми апасы Бишкек шаарына ооруканага жеткирилген.
Мадина Рахматжанованын сөөгү 30-апрелде жерге берилген.