Биз социалдык тармакта

Бишкекте француз-немис маданият институтун түзүү маселеси талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Франциянын Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делеус жана Германиянын Кыргыз мамлекетиндеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчисинин орун басары Дэвид Вестенфельдер менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, тактап айтканда, Бишкекте француз-немис маданият институтун түзүүнү талкуулашты.
"Франсуа Делеус Франция менен Германиянын өкмөттөрү Кыргыз өлкөсүндө француз-немис маданият институтун түзүү жөнүндө кабыл алган чечими тууралуу маалымат берди. Белгилей кетсек, мындай институттар Италия, Бразилия жана Иракта да түзүлмөкчү.
Бул институттун Бишкектеги ишмердүүлүгү тил курстарын, биргелешкен концерттерди, көргөзмөлөрдү, фестивалдарды, конференцияларды уюштуруу аркылуу өлкөлөр ортосундагы маданий, билим берүү, гуманитардык байланыштарды чыңдоого багытталат.
Жылдыз Бакашова бул чечимге ыраазычылыгын жана кыргыз тараптын биргелешкен маданий-гуманитардык иш-чараларды өткөрүүгө жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.
Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Кыргыз өлкөсүнүн күндөрүн Францияда жана Германияда өткөрүүнү сунуштады", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан