Биз социалдык тармакта

"Айрым облустарда жаан жаайт". Эртеңкиге карата аба ырайы

Эртең, 24-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Чүй, Ош облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16...+21, күндүз +27…+32;

Талас жергесинде түнкүсүн +10...+15, күндүз +25…+30;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26;

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25;

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +30…+32 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +21…+23 градуска чейин жогорулайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан