Ош облустук төрөт үйүнө капыстан текшерүү жүргүзүлүп, бир катар кемчиликтер аныкталды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
Анда президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов санитардык көзөмөл мекемесинин дарыгерлери менен биргеликте Ош облустук төрөт үйүнүн абалын текшерди.
"Ош облустук төрөт үйүнө мамлекеттен бөлүнгөн акча максаттуу жумшалып жатканын аныктоо үчүн жерине барып текшерип, бир топ кемчиликтерди билдик. Аталган мекемеде тамак-аш коопсуздугу сакталбай, чарбалык жумуштардын дээрлик 80 пайызы аткарылган эмес. Ошондой эле дары-дармек, азыктарды сактоочу жайлары да санитардык талаптарга жооп бербейт", - деди Данияр Жаныкулов.
Мындан сырткары ал бейтаптардын туугандары менен жолугушуп, көйгөйлөрүн укту.
"Төрөгөнгө келген энелердин туугандары менен жолукканда облустук төрөт үйүнө көптөгөн сындарды айтышты. Мисалы, көз жарганга келгендердин ар биринен 150 сом фондго деп акча алышат экен. Андай болбойт! Мамлекеттен төрөт үйүнө жыл сайын каражат бөлүнөт. Көз жарганга келген аялдардан эч кандай каражат алынбашы керек, аларга акысыз кызмат көрсөтүлүшү кажет. Мындан ары ооруканалардагы мыйзамсыз акча чогултмайларды токтотууга күчүбүздү жумшайбыз.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен тиешелүү кызматкерлерге баа берилип, чара көрүлөт", - деп кошумчалады өкүлдүн орун басары.
Буга чейин президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов облустагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилерин кабыл алып, бейтаптарга берилүүчү тамак-аш, дары-дармектерде коррупциялык элементтер бар экенин айтып, ооруканалар текшерүүгө алынарын айткан.