"Жалган маалыматтан коргоо жөнүндө мыйзам бийликти сындагандарга каршы багытталган", - деп депутат Дастан Бекешев социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Кечээ президент жалган маалыматтан коргоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Чындыгында мыйзам башкача аталат. Бийликтегилерди коргоо болуп саналат. Бул сүйүү жөнүндө жазган блогерлерге коркунучу жок. Бийликтегилердин кемчилиги тууралуу жазган блогерлерге оор болот. Фейк маалыматтарга бөгөт койбойт", - деди ал.
Президент Садыр Жапаров “анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга кол койгон.