Ош облусунун Алай районунда 16 жаштагы дайынсыз жоголгон кыз табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан кабарлашты.
Ага ылайык, кечээ, 23-август күнү Алай РИИБинин кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон Аиза Кубаткулова Ош шаарынын Араван кичи районундагы үйлөрдүн биринен табылган.
"Ал жакындарына таарынып, үйүнөн чыгып кеткендиги аныкталган. Аиза таята-таенесинин колунда чоңоюп өскөн. Өзүнүн апасы Орусиянын аймагында көп жылдан бери эмгектенет. Учурда кыз убактылуу Алай районундагы социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлерине тапшырылды, алар өзүнүн апасына өткөрүп беришет. Өзүнүн апасы 28-август күнү Орусиянын аймагынан Кыргыз өлкөсүнө келерин билдирди", - дешти Ош ОИИБинин маалымат кызматынан.
Эске салсак, буга чейин 22-июль күнү милицияга Алай районунун Жошолу айыл өкмөтүнүн Миязды айылынын 56 жаштагы Орункан Сарыбаева аттуу тургун арыз менен кайрылган. Арызда ошол эле күнү болжол менен саат 10:30 чамасында 2005-жылы туулган К.А. аттуу небереси Миязды айылындагы жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жок болуп жаткандыгын билдирген.