Бүгүн, 24-августта Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Билдирүүргө ылайык, республиканын айрым тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.