Өзбекстан Республикасынын бизнести өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдүрү менен Ош шаарындагы жеке ишкерлер жолугуп, тегерек стол өткөрүштү. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда эки тараптуу кызматташуу, бизнес ачуу туурасында сөз болду.
"Ош шаарына келген делегация шаардагы бир катар өндүрүш ишканаларына барып, ишкерлер ортосунда келишимдер түзүлөт", - деп айтылат маалыматта.