Биз социалдык тармакта

Кумтөр: Темир Сариевдин тарапташтары митингге чыгышты

Бүгүн, 25-август күнү Бишкек шаардык сотунун алдында мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин тарапташтары митингге чыгышты. Алар Сариевдин бошотулуусун талап кылышууда.

Буга чейин анын жактоочусу биринчи инстанциянын чечимине даттанып, сотко кайрылган. Буга байланыштуу бүгүн анын баш коргоо чарасы каралат.

Эске салсак, Темир Сариев 3-августта "Кумтөр" иши боюнча УКМК тарабынан кармалган. Ал УКМКнын СИЗОсунда 30-сентябрга чейин камакта калтырылган.

Атайын кызмат Сариев экономика министри, ошол эле учурда тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турганда Кумтөр кенин иштетүүдөн келип чыккан экологиялык зыяндын суммасын бир нече миллиард сомго аз көрсөткөнү, анын натыйжасында мамлекетке чоң зыян келтирилгени аныкталганын маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Apyn8793
2021-08-25 09:46:24
2000 сомдуктар )))
+5
Luna7
2021-08-25 09:57:30
Дежурлар тынч отурбайт экенсиңер да,айыбы болсо жазасын тартат,ак болсо акталат силер кыйкырып чыкпасанар деле
+3
Dembele84
2021-08-25 10:35:49
Дагы бир айча отуруп,акчасын толоп кайра эркиндике чыгат,эмне эле дуулдайсынар!?
+4
Rifle_I
2021-08-25 12:52:31
50млн жок бекен же "Эл уулу" наамы болуш керек чыгыш үчүн.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан