
Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөө 25-август күнү саат 05:11де катталды.
Жер титирөө Тогуз-Торо районунун Дөдөмөл, Кош-Булак айылдарында 2 баллга чейин сезилди.
Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.