Президент Садыр Жапаров “Коопсуздук кеңештин айрым маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жарлык менен өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төмөнкү курамы түзүлдү:
- Президент, Коопсуздук кеңештин төрагасы;
- Коопсуздук кеңештин төрагасынын орун басары;
- Коопсуздук кеңешинин катчысы;
- Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү.
Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөр:
- Жогорку Кеңештин төрагасы;
- Министрлер кабинетинин төрагасы;
- Президенттин администрация башчысы;
- Мамлекеттик катчы;
- Башкы прокурор;
- Коргонуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
- Тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
- Өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
- Ички иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
- Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси.