"Талибан" кыймылы Гуантанамо аралындагы америкалык түрмөнүн мурдагы туткуну Абдул Каюм Закирди Ооганстандын коргоо министри кылып дайындады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Абдул Каюм Закир 2001-2007-жылдары Гуантанамо түрмөсүндө болгон. Ал Ооганстанга америкалыктар бастырып киргенден кийин туткунга түшүп калган. Ошол эле учурда ал бошотулганга чейин талибдердин лидерлигинен кетүүгө убада берген. Бирок ал убадасын аткарган эмес жана талибдердин тобун жетектеп, алардын башкы командачысы болгон.
Ошондой эле август айында "Талибандын" өкүлдөрү Кабулга кирип, президенттик сарайды ээлеп алганда кыймылды Закир жетектеген деп болжолдонууда.