Биз социалдык тармакта

Жүргүнчү, жол коопсуздугуна сиз дагы милдеттүүсүз. Жол кыймылынын кызматкерлери кайрылуу жасады

Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жүргүнчүлөргө кайрылат.

"Урматтуу жүргүнчү! Жол коопсуздугуна сиз дагы милдеттүүсүз! Таксиге отурдуңузбу, айдоочуну көзөмөлгө алыңыз. Эгерде айдоочу жогорку ылдамдыкта баратса, эскертиңиз. Эгер макул болбосо бараткан ылдамдыгын жана айдоочуну видеого тартып, социалдык желелерге жарыялап коюңуз. Балким, ошол видео сиздин жана сизге окшогон миңдеген мекендештерибиздин өмүрүн сактап калышы толук мүмкүн", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан