Бүгүн, 26-августта Бишкек шаардык кеңеши мэрди шайлашат. Бул кызматка талапкер катары Айбек Жунушалиевдин талапкерлиги каралууда. Ал баяндама жасап жатып мэр болуп шайланса кандай иштерди жасай турганын айтты.
"Мен мэр болуп шайланып калсам, менин ишимди шаардыктар жана сиздер менен аныктайбыз. Борбор шаарыбызды 4 жылда өнүктүрүү боюнча программаны ноябрь айына чейин киргизебиз", - деди ал.