25-августта суучул Владислав Шулико жалпысынан 110 чакырымды сүзүп өткөнү маалым болгон. Бүгүн, 26-августта аны коштоп жүрүүчүлөр финишке жетүүгө аз калганын, бул аба ырайынан көз каранды экенин маалымдашты.
"Аба ырайынын бирде булут каптап, бирде толкун болуп кескин алмашуусуна карабастан суучул акыркы чекке жетүүгө белсенип, 5-күн сүзүүнү улантты. Ийиндери бир аз ооруп жатканына карабастан алдыга ишенимдүү кадам таштоодо. Анткени ал кыргыз элинин жашоо образын дүйнө элине таанытып, туризм тармагын өнүктүрүүгө салым кошууну максат кылды. Буюрса, максатка жетүүгө аз калды", - деп билдиришти спортчуну коштоп жүрүүчүлөр.
Эскерте кетсек, спортчу Владислав Шуликонун 181 чакырымды сүзүп өтүшү 27-августка мерчемделген.