Жогорку Кеңештин депутаты Эркин Алымбеков бүгүн, 1-ноябрда Бишкек шаарынын 5-кичи районунун №44, 46, 50-көп кабаттуу үйлөрүнүн тургундары менен жолугушту. Анда депутат көп кабаттуу үйлөр мыйзам чегинде гана курулушу керектигин билдирди.
Аталган үйлөрдүн тургундары буга чейин Эркин Алымбековго кайрылышып, үйлөрдүн короосундагы балдар аянтчасы менен бассейндин ордуна мыйзамсыз курулуш иштери башталганын айтышкан. Жергиликтүү жашоочулар мындан улам Бишкек шаардык район аралык сотуна кайрылышып, сот курулуш иштерин токтотуу боюнча чечим чыгарып берген.
Депутаттын эл менен жолугушуусуна катышкан Бишкек шаарынын жана Октябрь районунун прокурорлору, аталган курулуш боюнча кылмыш иши козголгонун айтып, тергөө иштери жүрүп жатканын маалымдашты.
Азыртадан мыйзамсыз курулуштарга бөгөт койбосо, эртең кеч болуп каларын айткан депутат шаардык укук коргоо органдарынын кызматкерлерине түзүлгөн кырдаалды мыйзам чегинде чечүүнү талап кылып, маселени жеке көзөмөлүнө аларын билдирди.