Биз социалдык тармакта

Токмок шаарынын мэрин шайлоого депутаттар келе элек

Бүгүн, 26-августта Бишкектин, Оштун, Токмоктун мэри шайланат. Шайлоо саат 09:00дөн 12:00гө чейин өтөт.

Бирок Токмок шаардык кеңешинин жыйындар залында көпчүлүк коалициянын, тактап айтканда "Патриот Ынтымагы", "Эл биримдиги" жана "Бирге" партияларынын бир дагы депутаты белгисиз себептерден улам келе элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Токмок аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аз убакыттын ичинде көпчүлүк коалициянын мүчөлөрүнүн келери күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Токмок шаарынын мэрлигине Урматбек Самаев жана Азат Кубатбек уулу талапкерлигин коюшкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан