Бүгүн, 26-августта Бишкек шаардык кеңеш мэрди шайлайт. Анда шаардык кеңештин депутаты Ильгиз Сарылдык уулу мэрликке талапкер Айбек Жунушалиевге парламенттик шайлоодо административдик ресурс колдонбоого чакырды.
"Жакында Жогорку Кеңештин шайлоосу өтөт. Шайлоого мэр аралашпай административдик ресурс колдонбошу керек", - деди ал.
Айбек Жунушалиев бир дагы партияга мүчө эмес экенин белгилеп, административдик ресурс колдонууга жол берилбей турганын айтты.
Ошону менен катар эле депутат шаардагы коомдук транспорттор тууралуу дагы сөз кылды. "Коомдук транспорттор ыңгайсыздыкты жаратып келет. Германиядагы өнөктөштөр лизинг аркылуу газ менен жүргөн автобус беребиз деп жатышат. Ушул маселени карап көрүү шарт", - деди Ильгиз Сарылдык уулу.