Бишкек шаарында милиция кызматкерлери чет өлкөлүк жарандар арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, милиция кызматкерлери чет өлкөлүктөр, анын ичинде Пакистан жарандарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Милиция аларга Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамдарын сактоону эскертет.
Мындан тышкары, тартип сакчылары аларды мейманканалардан же батирлеринен муктаждыксыз чыкпоого чакырды. Ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоону сунушташат.
Буга чейин шаардыктар Бишкекте Пакистандан келген жарандар көбөйүп кеткенин айтып, тынчсызданышкан.