Бүгүн, 26-августта Бишкек шаардык кеңештин депутаттары мэрди шайлашты. Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды. Ал жалгыз талапкер болгон.
Айбек Жунушалиевдин талапкерлигине 43 депутат "макул", 2 депутат "каршы" деп добуш берди.
Ал буга чейин мэрдин милдетин аткарып келген.