Биз социалдык тармакта

Өлкө лидерлеринин чуулгандуу сүрөтү көргөзмөдөн алынабы? Министрликтин жообу

24-августта Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата "Жаңы Соцреализм-2" көргөзмөсү ачылды. Анда аза кийимин кийген Кыргыз өлкөсүнүн алты ажосунун Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаровдун сүрөтү уу-дуу жаратты.

Ал эми Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги талкууга жем таштаган сүрөттү көргөзмөдөн алып салууну сунуштаганы айтылды. Бул боюнча мекеменин басма сөз кызматына байланышканыбызда, сүрөт алынбай турганын белгилешти.

Белгилей кетсек, көргөзмө 7-сентябрга чейин уланат. Анда өлкөнүн тарыхы, анын ичинде Баткен окуяларынан "Токио-2020" жайкы Олимпиадасына чейинки эскиздер камтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Alia82
2021-08-26 12:41:21
Алып туруп орттоп эле салыш кк , ниети бузук жаман суротту
+2
Antiradikal3
2021-08-26 13:35:37
Alia82, элди бул алты президентине кошуп сендей кошоматчылар, дакансалар да жардан ары туртуп жатат. Ниети бузук силерсинер, тууганчылдык, жердешчилдик деп журуп Кыргызстанды сазга батырдынар акмактар....
+6
Dembele84
2021-08-26 12:43:26
Кыргызстанды похоронить этип жатышкандагы суротубу?
+2
bond02
2021-08-26 13:04:38
Суроттун авторун жоопко тартуу керек, тушундурсун кандай мааниде тартканын.
-2
Antiradikal3
2021-08-26 13:36:35
bond02, а балким сага окшогондорду жоопко тартуу керек чыгаар? Чындыкты коро албай, чындыкты айткандарды, жазгандарды, сурот кылып тарткандарды куугунтуктагандарды..........
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан