Ош шаарынын мэри болуп Алмаз Мамбетов шайланды. Маалымат Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлү Урмат Аттокуров тарабынан белгилүү болду.
Маалым болгондой, бүгүн, 26-августта Ош шаардык кеңешинин жыйыны болуп, анда мэрдин талапкерлиги каралды. Жыйынга катышкан 45 депутаттын 43ү Алмаз Мамбетовдун талапкерлигин колдосо, экөө каршы болду.
Шайлоо жыйынтыкталган соң шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков жаңы мэрди кызмат орду менен куттуктап, депутаттардын атынан ишине ийгилик каалады.
Өз кезегинде Алмаз Мамбетов ишеним артып шайлаган шаардык кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдирип, бир катар келечек пландар менен бөлүштү.