Бүгүн, 26-августта Бишкек шаарынын жаңы шайланган мэри Айбек Жунушалиев маалымат жыйын берүүдө. Анда ага ишти эмнеден баштай турганы боюнча суроо берилди.
"10 күн мэрдин милдетин аткаруучу кызматында болдум. Бул учурда иштер менен таанышканга убакыт болду. Көйгөйлөр менен тааныштым. Бардык иштер нормалардын негизинде, көрсөтүлгөн мезгилде аткарылат", - дейт ал.