Биз социалдык тармакта

Бишкекте жарылуучу заттан жаракат алган 11 жана 10 жаштагы балдардын абалы белгилүү болду

Бишкекте Ала-Арча суусунда 11 жана 10 жаштагы балдар колдо жасалган жарылуучу затты жардырып, жаракат алышкан. Бүгүнкү күндө балдар амбулатордук дарыланууда. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы тарабынан белгилүү болду.

"25-августта балдар орто оор абалда "Тез жардам" кызматы аркылуу №3 балдар ооруканасына жеткирилген. Тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Балдардын ата-энелери ооруканага жаткыруудан баш тартышкан. Бейтаптардын абалдары туруктуу", - дешти мекемеден.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2010-жылы туулган С.А. жана 2011-жылы туулган К.Н. аттуу балдар жарылуучу затты жардырып, жабыркаганын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gulina90
2021-08-26 13:24:23
Кандайча балдардын колуна түшүп калды экен,сакайып кетишсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан