Биз социалдык тармакта

"Садыр Жапаровго 32, Камчыбек Ташиевге 24 пайыз". Өлкө жарандары дагы кимге ишенишет?

Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын 32 пайызы өлкө башчы Садыр Жапаровго ишенет. Мындай изилдөөнү Бишкектеги Эл аралык республикалык институт жүргүзгөн.

Маалыматка ылайык, изилдөөгө Кыргыз өлкөсүнүн ар кайсы бурчунан жалпы 1211 жаран катышкан. Катышкандардын көпчүлүгү Садыр Жапаровго ишеним артышкан. Сурамжылоодо экинчи орунга УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жайгашты. Ага 24 пайызы ишенимин билдиришкен.

Калган саясатчылардын бири дагы 10 пайызга жеткен эмес.

Сурамжылоого катышкандардын 20 пайызы эч кимге ишенбей тургандыктарын айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Sakubek
2021-08-26 18:29:49
Мен өзүмө гана ишенем
+2
Dembele84
2021-08-26 19:12:54
Пахтаны коюш ушундай болот деп чыгарыпсынар да а?
+7
Dembele84
2021-08-26 19:19:42
Бироосу 60% бириси 40% алды деп койсонор деле боло берет силерге.Башкасы бир да добуш албады деп
+6
Antiradikal3
2021-08-26 19:47:30
Бул сурамжылоо жургузгондордун жыйынтыгы сурамжылоо башталбай туруп белгилуу.....

Буларга ишенгиче кочодогу ушакчы катынга ишенген жакшыраак, ал калпты чындыкка бираз окшоштуруп айтат, отличие от них......
+4
Tyty1990
2021-08-26 20:13:57
Аллахка ишенем ал бар,жалгыз, төрөлгөн эмес төрөбөйт дагы. Кыямат күнүнө, өлүмдөн кийин тирилүү бар экенине ишенем.
+6
nargiz-sa
2021-08-27 20:43:17
80 пайыз түшүп кеттиби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан