
Бишкек мэриясында вице-мэр
Жамалбек Ырсалиевдин жетекчилиги алдында кышкы мезгилге даярдык боюнча кезектеги жыйын орун алды. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, "Бишкекжылуулукэнерго" муниципалдык ишканасы тарабынан 56 от казан даярдалды.
"Ошондой эле 1-октябрга чейин дагы 10 от казан даярдалат.
Ак-Ордо жана Рухий-Мурас конуштарында газ түтүктөрүн орнотуу пландалган. Учурда аталган конуштарда газ түтүктөрүн монтаждоо иштери аягына чыгып жатат", - деп айтылат маалыматта.