Биз социалдык тармакта

Түркмөнстанда алгачкы Олимпиада медаль үчүн спортчуга эмес, президентке ыраазычылык билдиришүүдө

Түркмөнстандык оор атлетчи Полина Гурьева "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында коло байге уткан. Чет элдик басылмалар спортчуларды сыйлоо аземинде жетекчилер медаль уткан спортчуга эмес, президентке ыраазычылык билдирип жатышканын жазды.

"Полина Гурьева Түркмөнстанга өлкөнүн тарыхындагы биринчи олимпиадалык медалды алып келди, бирок иш -чарада бардыгы жеңиш үчүн президент Гурбангулы Бердымухамедовду куттуктап, ыраазычылык билдиришти", - деп жазылат маалыматта.

Түркмөнстан президенти Олимпиадада медаль уткан спортчусуна Lexus 570 Sport Plus жана анын машыктыруучусуна Toyota Camry унаасын тапшырган. Бул өлкөдөн "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына 5 спортчу катышкан.

Түркмөнстанда Олимпиада медалы үчүн спортчуга эмес, президентке ыраазычылык билдиришүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Pankration_MMA
2021-08-27 14:50:15
Диктатура ушундай болотта, анын эмнеси кызык?
+6
Milduri
2021-08-27 15:36:35
Кийинки олимпиадага өзүм барам дебесе болду.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан