Биз социалдык тармакта

"Тишин жулдуруп гепатит жуктуруп алган". 26 жаштагы Акжол Кыдыев кайрымдуу адамдардын жардамына муктаж

"Уулум 9 жылдан бери гепатит оорусу менен алышып келет, тишин жулдуруп ооруну жуктуруп алган. Кайрымдуу адамдардын жардамына муктажбыз", - дейт 26 жаштагы Акжол Кыдыевдин апасы Жамийла Султанова.


"Төрт балам бар, Акжол эң улуусу. Балам 9 жыл мурда тиши ооруп, жулдурган. Ошол учурда гепатит оорусунун В түрүн жуктуруп алган. Биринчи жугузуп алганда катуу ооруган, кийин жакшы болуп эле жүргөн. Акыркы эки айдан бери ооруп, ичи шишип кетти. Ооруканага алып барсак карантин деп албай койду, үйдө эле дарланып жатып калды. Кийин 15 күн ооруканага жаткырдык, дарыгерлер үйдөн дарылай бергиле деп чыгарып берип койду. Алып барбаган дарыгер, табып калган жок. Дабасын издеп көп нерсе кылдык. Азыр күндөн-күнгө абалы оорлоп баратат. Эмне кылууну билбейбиз. Бул жактагы дарыгерлер чет жакка алып баргыла деп жатат. Индияга алып баруу үчүн көп суммадагы каражат керек экен. Биздей карапайым үй-бүлөдө мындай акча жоктугунан улам кайрымдуу адамдардын жардамына муктажбыз. Өзүбүз Ош шаарында жашайбыз, каражат жагынан кыйналган учурларда туугандар жардам берип турушат. Акжол үй-бүлөлүү, 2 жашар уулу бар. Каражат табылса эле атасы донор болгону даяр", - дейт Султанова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Pankration_MMA
2021-08-27 16:29:33
Гепатит В мынчалык болбош керек эле. Бул гепатит Д окшойтко. Эгер алкогол ичпесе, тамеки тартпаса, ачуу жебесе, анда гепатит В мынчалыка алып барбайт.
0
Aidan_Ek
2021-08-27 18:47:14
Pankration_MMA,Спирт ичимдиктерин ичсе, оор жумуштарда иштесе гепатит В 5 жылда да отот циррозго. Баардык шартын аткарып журсо В,Д менен да узаак жашаса болот.
0
jaz99
2021-08-27 19:58:45
Ушул тиш докторлор эрежени так таза сактаныздар анча мынча ушуга окшогон ооруларды жугузуп алгандарды угуп жатавыз канча адамдар азапка салынып жатышат
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан